www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Deep knowledge group фондунун рейтингине ылайык, COVID-19 катталбаганын жарыялаган Түркмөнстан Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө деп табылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Борбор Азияда Казакстан – 71, Кыргызстан – 108, Өзбекстан – 121, Тажикстан 124-орунда жайгашкан. Коронавирус инфекциясы катталган учур жок деген Түркмөнстан 131-сапта. Тизмеде жалпысынан 200 өлкө бар.

Эпидемиологиялык абал туруктуу, коопсуз өлкөлөрдүн катарына Швейцария, Германия, Израиль, Сингапур жана Жапония кирди. Рейтингдеги эң төмөнкү катарда Либерия, Ооганстан, Чад, Мали, Руанда жана Түштүк Судан бар.

Deep knowledge group рейтинги карантин чараларынын эффективдүүлүгү, мониторинг, дартты аныктоо жана эпидемияга карата саламаттык сактоо системасынын даярдыгы сыяктуу 130 параметрдин негизинде түзүлгөн.

Түркмөнстанда социалдык обочолонуу, гигиеналык чараларды сактоо – медициналык беткап тагынуу, респираторлорду колдонуу сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) негизги сунуштары аткарылган жок.

Ал арада АКШ коронавирустун алдын алуу үчүн Түркмөнстанга 1,42 миллион доллар бөлгөн.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байкоо жүргүзүү үчүн ДССУнун эксперттери Түркмөнстанга келүүгө ниеттенишүүдө. Апрелдин аягына белгиленген сапар али жүзөгө аша элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости