www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
9-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 134 бош орун бар.
Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
Улуттук хирургия борбору — 2;
Улуттук госпиталь — 36;
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 8;
№1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 26;
Темир жол ооруканасы — 1;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 19;
Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
№2 клиникалык төрөт үйү — 9.
Жогору маалыматтарга таянсак, учурда Бишкектеги ооруканаларда 134 бош орун бар.
Эске салсак, ушул тапта Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын ичинен 3 457 бейтап ооруканада дарыланууда. Алардын 1004үнүн абалы оор экени кабарланды. Өтө оор абалда жаткандар да бар.
Булак: NazarNews.kg