www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвага акча сурап барып, кыргызча жооп бере койом деп Путиндин балээсине калып, эски СССР же азыркы КМШ тааныбай, Пакистан, Араб мамлекеттери гана телефон аркылуу чала-була сүйлөшүп жаткан Тышкы Иштер министри, “Бабановдун күчүгү” Руслан Казакбаев дагы бир ислам мамлекети Түркияны беттеп кеткен. Билдирүүгө ылайык, министр түрк бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланууда.
8-ноябрда министр Казакбаев Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарында иштеген кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп, шайлоо жараянындагы мигранттардын орду, виза көйгөйү жана кыргыз дипломдорунун тең күчтүүлүгү талкууланды. Ошондой эле Казакбаев иш сапарында Стамбул жана Анкара шаарындагы айрым ишкер чөйрө менен да жолугушуулары кабарланды. Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстан менен кызматташкан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да жолугушкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg