www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19: Чехияда кайрадан өзгөчө абал жарыяланат

Чехиянын өкмөтү өлкөдө СOVID-19 вирусу жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу 5-октябрдан тартып кайрадан өзгөчө абалды киргизүүнү кабыл алды.

Саламаттык сактоо министри Роман Примула өкмөттүн кезексиз жыйынынан соң алгачкы эки жумада имарат ичинде 10дон ашык, ачык жайларда 20дан ашык адамдын чогулушуна чектөө коюлуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди. Мындан сырткары мектептер жабылып, медициналык билим алган студенттер ооруканаларга жардам бериш үчүн жөнөтүлөт. Ал эми театрлар менен кинотеатрлар ачык болот. Спорттук оюндарды көрөрмандарсыз өткөрүүгө уруксат берилет.

Белгилей кетсек, Чехия Европада коронавирус жугузган адамдардын саны боюнча акыркы айда экинчи орунга чыкты. 10, 7 миллион калкы бар соңку айда 40 миң адам вирус жугузуп, ооругандардын жалпы саны 67 миң адамдан ашты.

Чехияда 2-3-октябрда парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын үчтөн бирин шайлоо жана аймактык шайлоолордун биринчи айлампасы өтөт. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 9-10-октябрда болот.

Эске сала кетсек, карантинде отурган чехиялыктар өз автоунаасынан атайын уюштурулган убактылуу добушканада добуш бере алышат. Автоунаасы жок адамдар өз үйүндө «көчмө кутуларга» добуш берсе болот.

Буга чейин Чехияда өзгөчө абал март айында жарыяланып, эки айга уланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости