www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дүйнө жүзүндөгү соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 999 миң 87 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны 33 миллион 83 миңден, ал эми айыккандардын саны 24 миллион 441 миңден ашты. Бул тууралуу TRT басылмасы жазды.

Акыркы маалыматка ылайык, 209 миң 177 адам каза болуп, 7 миллион 287 миң 593 адам вирус жуктурган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), Нью-Йорк штатында Ковид-19 оорусуна чалдыккандар миңден ашып кетти. Ковид-19 акыркы сутка ичинде штаттагы 1005 кишиден табылган. Оорунун саны Нью-Йоркто 5-июндан бери катталган эң жогорку күнүмдүк өсүш болду.

Бразилияда акыркы 24 саат ичинде вирустун айынан 904 адам каза болуп, өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 141 миң 441ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 миң 502ге көбөйүп, 4 млн 718 миң 115ке жетти.

Мексикада Ковид-19дан адамдардын өлүмү 399га көбөйүп, 76 миң 243кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 5 миң 573кө көбөйүп, 726 миң 431ге жетти.

Европада эпидемиянын чордону болгон Англияда акыркы 24 саат ичинде вирустун айынан каза болгондордун саны 34кө көбөйүп, 41 миң 971ге, ал эми жуктургандардын саны 6 миң 42ге көбөйүп, 429 миң 277ге жетти.

Италияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам акыркы 24 сааттын ичинде 17 адам каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 35 миң 818ге чейин жогорулады. Өлкөдө 1 миң 869 жаңы учур катталып, Ковид-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 308 миң 104 болду.

Францияда эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 39 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 31 миң 700гө жетти. Вирусту жуктургандардын саны 14 миң 412ге көбөйүп, 527 миң 446га жетти.

Австралияда каза болгон адамдардын саны 872, илдетке чалдыккандардын саны 27 миң 33 болсо, Ковид-19дан улам эң көп курмандыктар жана учурлар катталган Виктория штатындагы айрым чара көрүүлөр жеңилдетилди. Штаттагы экинчи толкунду токтотуу үчүн, жергиликтүү убакыт боюнча саат 21: 00дөн 05: 00гө чейин 2-августка карата колдонулган коменданттык саат алынып салынды. Эки үйдөн эң көп дегенде беш кишинин коомдук жайларда чогулушуна уруксат берилип, полициянын текшерүүсүндө эрежелерди бузгандыгы аныкталгандарга 1652 доллар (8900 лира чамасында) айып 5000 долларга чейин көбөйтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости