www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Туризм Кыргызстандын негизги локомотиви болуш керек. Бизде таң калтырган табият жана адамдардын меймандостугу бар”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан талапкер Акбалык Жумалиева билдирди.

“Кыштын төрт мезгилинде тең туристтерге сунуштай ала турган жерлерибиз бар. Ошого карабай көңүл бурбай келебиз. Туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте жолдорду оңдошубуз керек. Бизде кандай? Жаңы салынган жолдор жыл айланбай бузулуп баштайт”,-деди ал.

Ошондой эле жол тармагы боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерди, жолдордун кепилдик мөөнөттөрүн кайра башынан карап чыгуу керектигин кошумчалады.

“Болбосо жумшалган акча талаага кетип жаткандай. Салынган жолдорду тейлөө маселеси да тийиштүү деңгээлде каралышы керек. Бул иштер аткарылбай кооз жерлерге барчу жолдордун абалы өтө начар. Жол менен катар турган дагы бир көйгөй бул даараткана маселеси. Негизи эле кызмат көрсөтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, Түркияны алсак тейлөө багыты ушунчалык өнүккөн. Биз бул тармактагы ишкерлерди чет мамлекеттерге окууга жиберүү зарылчылыгы бар”,-деди А.Жумалиева. 

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Последние новости