www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дүйнөдө бир күндө 10 миң адам илдеттен каза болду

Бүгүн, 13-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 119 миллион 23 миң 857 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 67 миллион 368 миң 562 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 638 миң 887 (+10434) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 343 миң 530 болду. 532 миң 400 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 363 миң 380 адамдан аныкталды. 275 миң 105 адам каза болсо, 10 миллион 41 миң 24 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 10 миллион 953 миң 303 адам вируска кабылган. 158 миң 306 бейтап көз жумса, 10 миллион 953 миң 303 бейтап оорудан сакайды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости