www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 12-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өзбек кесиптеши менен жолуккан. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиев расмий жолугушууда министр менен кол алып саламдашуудан баш тарткан.
Бул окуя социалдык тармактарда талкууга алынды.
«Керсейген кыргыз үйдөгүсүн кылыптыр... Өзбек туугандарыбыз ийилип салам берсе, бул биздин «гангирбаш» министр, колун тиги өзбек министри тиштеп ала тургансып, сунган колду суутту. Мына ушундай шылуун, акмактар кантип министр болуп жүрүшөт? Садыр Жапаров ушундай келесоолорду тазалабаса, коңшу өлкөлөр биз менен алака түзүүдөн калат.
Анткени, Мирзиёев өтө жогорку даражада, жылуу, кучак жайып тосуп алды. Сый тамагы аз келгенсип, 20 тез жардам унаасын белекке берди. Мына меймандостук деп ушуну айтасың! Мына берешендик! Мен Өзбек элине, Мирзиёевге өтө терең ыраазы болдум. Чыныгы Ажо ушундай болот!
Ал эми бизден керек болсо «оюнчук машине» да чыкпайт, анан кайсы арыбызга керсейебиз ыя? Кекирейген кыргыздар биз качан оңолоор экенбиз аттиң», - дейт Бахтияр Султангазиев.
Баса, министр Алымкадыкадыр Бейшеналиевден Өзбек министри менен кол алышпай койгон мамилени бир дагы өзбек сайты жазып чыккан жок.
Булак: NazarNews.kg