www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШТАБ: COVID-19 илдетин жугузгандардын саны өсүүдө

Борбор калаада коронавирус аныкталган бейтаптардын саны өсө баштагандыктан, Улуттук госпиталдын базасында дагы бир кошумча стационар ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов стационарлар бейтаптардын санына жараша акырындык менен ачыла баштай турганын жазып, жеке менчик клиникалар да оорулууларды кабыл ала берсе болорун белгилеген.

"Бейтаптын абалы начарлап, ооруканага жатуу зарылдыгы жаралса 103 кызматына же 0312 32 30 00 номерине чалса болот. Мындан сырткары, 0770 89 55 56 (Whats App) номери аркылуу да кайрыла алышат", — деп айтылат маалыматта.

Медиктер коронавирустун белгилери байкалган учурда дүрбөлөңгө түшпөй, дарыгерге чалып керектүү маалымат алуу зарылдыгын айткан. Эгер бейтаптын абалы начарлап баратса, 103 кызматына сөзсүз чалуу керектиги эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости