www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун «Индия» штаммы «ухандык» түрүнө караганда дароо жугат жана өтө кооптуу. Бул туурасында РИА Новости Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбургдун айтканына таянып жазды.

«Ал илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтөт. Ошонусу менен кооптуу, себеби адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартат», — деген Гинцбург «Россия 1» телеканалынын эфиринде сүйлөп жатканда.

Окумуштуунун айтымына караганда, «Спутник V» вакцинасы коронавирустун бүгүнкү күндөгү бардык түрүнөн сактайт.

Эске салсак, буга чейин да Москва мэри Сергей Собянин «Индия» штаммы учурда абдан кооптуу болуп, эң күчтүү иммунитетти да жеңип, эмделген адамдарга жугуп жаткандыгын айткан эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости