www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Казакстан облусунун акими Гали Искалиев карантин учурунда массалык иш-чараларды өткөргөндөр тууралуу полицияга кабар берген жергиликтүү тургундарга сый акы төлөнөрүн билдирди. Сый акынын көлөмү 70 долларга чейин жетет.

Искалиев ыкчам штабдын жыйынында: “Айрымдар муну сөз ташуу жана башка деп аташы мүмкүн. Бирок бул андай эмес, бул коомго колдоо көрсөтүү жана жардам берүү. Бул үчүн бизде акча каралган”, – деди.

Анын айтымында, 130 мониторинг тобу эртеден кечке калктуу конуштарды кыдырып, мыйзам бузууларды каттоого жетишпейт. Ошондуктан бийлик жергиликтүү жашоочулардын жардамына муктаж.

Бул арада аймакта карантин режимин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү 34 млн теңгеге (80 миң доллар) жеткен. 551 протокол түзүлгөн.

Казакстанда 26-августта эпидемия учурунда коронавирус инфекциясын жуктурган 105 075 учур катталып, 1544 адам өлгөн. Өлкөдө 23 543 адам пневмонияга киши чалдыгып, 268и кайтыш болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости