www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө, аны менен бирге Казакстанда коронавирус эпидемиясы боюнча кырдаал көңүл жылытаарлык эмес. Казакстанда саат 30-март 12:45ке карата дагы 9 жаңы учур катталып, аталган илдеттен жабыркагандардын жалпы 301ге жетти.

Ал эми Өзбекстанда 30-мартка карата жаңы дагы бир учур катталып, ал кишиге коронавирустан улам каза болгон таякесинен илдет жуккандыгы аныкталган. Жалпысынан бул дарт менен жабыркагандар 145ти түздү.

Буга чейин Өзбекстанда Парижден Ташкентке келген бейтап менен алгачкы ирет байланышкан 39 жаштагы дарыгерге илдет жугуп, ал каза болуп калгандыгын Өзбекстандын Саламаттыкыты сактоо министрлиги маалымдаган эле.

Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын жалпы 84кө жеткен.

 

Кошуна Тажикстанда коронавирусту жуктурган бир да учур каттала элек.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча АКШда илдеттен жабыркагандардын саны 124 миң кишиге жеткен. Бул дүйнө жүзүндөгү эң жогорку көрсөткүч болуп, коронавирус жуктургандар  көп катталган өлкөлөрдүн ичинен АКШ 1-орунга чыкты. 

Ал эми дүйнө жүзүндө аталган дарт менен катталгандар 720 миңден ашып, анын 34 миңден ашууну көз жумса, 150 миңден ашууну сакайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости