www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар азайуудабы?

Кыргызстанда 658 адамдан коронавирус аныкталып, 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.

Бул жума ичи коронавируска кабылгандардын саны басаңдаганы байкалууда. Бүгүн, 6-августка карата коронавирус 658 кишиден аныкталды. Ал эми, 5-августта – 840, 4-августта – 696, 3-августта 797, 2-августта - 897 кишиден аныкталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости