www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзүндө Кыргызстанда биз июль айында күбө болгондой оорунун туу чокусу кайталанышы күтүлүүдө. Бул туурасында «Докторду сөзү» («Слово доктору») долбоорунун эфиринде, профлактикалык медицина илимий-өндүрүштүк бирикмесинин алдындагы Республикалык жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун эпидемиологу Алексей Кравцов айтып берди.

Анын айтымында, кыргызстандык эпидемиологдор Оксфорд университетиндеги кесиптештери менен бирдикте өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды божомолдоону кайрадан кайталап анализдеп чыгышкан.

«Ал (анализ) так көрсөттү, оорунун туу чокусуна биз болжол менен октябрь айында жетебиз. Эгер эч кандай чараларды көрбөсөк, анда төмөндөө жылдын аягында, же келерки жылдын башында башталат. Ошондуктан, объективдүү түрдө даяр болушубуз керек, экинчи толкун, оорунун экинчи туу чокусу дегенибиз күзүндө өтөт. Ал ОРВИ менен грипптин сезонуна туш келет. Саламаттык сактоо министрлиги буга даярданып жатат: гриппке каршы вакцина сатып алууда.

Анткени, жугуштуу инфекциялардын аралашуусу оорунун оор түрдө өтүшүнө алып келет», — деп белгиледи ал. Биринчи белгилери боюнча ОРВИ же грипптен коронавирусту айырмалоо өтө татаал,-деп кошумчалады Николай Кравцов.

«Оорунун башталышы жөнүндө айта турган болсок, анда спецификага туура келебей турган белгилерди көрөбүз: баш ооруйт, дененин табы көтөрүлөт, дене сыздап ооруйт», — деп кошумчалады эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости