www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кыргызстанда ЖРТ белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батыракеева ЖМКларга билдирди.

Анын айтымында, карантинге жана окуучулардын кезексиз каникулга таратылгандыгына байланыштуу ЖРТны өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылган.

"ЖРТ быйыл өтөт, бирок кайсы убакытка чейин жылганын айта албайбыз. Өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет. Негизи 15-майдан 20-майга чейин болушу керек эле. Бирок убагында өтпөйт, анткени жетишпейбиз. Онлайн түрүндө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабдуулар жетишсиз. Ал үчүн атайын программа түзүлүш керек болчу. Анын үстүнө биз ар бир окуучуну текшерип турушубуз керек. Монитордун артында баланын өзү отурабы-жокпу, аны көрө албайбыз. Азырынча ага шарт жок. Онлайн өтсө башаламан болуп кетет", - деди Батыракеева.

Батыракеева каттоо жаңы башталганда окуучулар кезексиз каникулга тарап кеткендиктен, ЖРТ тапшырчу бүтүрүүчүлөрдүн санын тактоого мүмкүнчүлүк болбой калганын кошумчалаган.

Учурда өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалдан улам мектептер IV чейректи дистанттык түрдө окууга даярданып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости