www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19: Мадридде кайра карантин башталды

21-сентябрдан баштап Испаниянын борбору Мадриддин түштүк райондорунда кайрадан чектөөлөр башталды. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү абал  2 жумага созулат.

Ошондой эле, полиция кызматкерлери кирип-чыккан унаалардын кыймылын текшерип жатат. Ал эми жашоочуларга жумушка, сабакка, дарыгерге жана жардамга муктаж болгон жакынына барууга гана уруксат берилет. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, мындай чечимге нааразы болуп чогулгандар да бар. Алар бийлик жакыр райондордун жашоочуларына гана ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтып жатышат.

Мадриддин саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси эгерде азыркы чаралар жыйынтык бербесе, анда шаарга толугу менен карантин киргизиле турганын эскертти.

Белгилей кетсек, учурда Европада коронавирус жуктургандардын саны боюнча Испания алдыда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости