www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада 2 жаштагы Егор аттуу балага туулган күнүндө эки немис овчаркасы кол салып, баланын жыныстык органы оор жаракат алды. Бул тууралуу milliyet.com.tr маалымат порталы жазды.

Окуя Украинанын чыгышындагы Селидово шаарында катталып, Егордун 2 жашка чыгышынын урматына коноктор келген. Бул убакта бала эшикке чыгып кеткенин, ата-энеси байкабай калган. Сыртка чыккан баланы эки немис овчаркасы талап, баланы таппай калган ата-эне эшикте канжалап жаткан баланы көрүп эстери оогон. Кырсыкта баланын жыныстык органы жана сол бутундагы тамыры майдаланып кеткен.

Оор абалдагы баланы дарылоо үчүн аскердик вертолет менен Днепр шаарына жеткирилди. Дарыгерлер Егордун тамырлары, табарсык жана ичегилери жабыркаганын айтышты. Муну менен катар балага 5 сааттык операция жасалганын, ошондой эле: “Кичинекей Егордун абалы кооптуу. Жашоо менен күрөшүп жатат”, - деп билдиришти. 

Учурда болуп өткөн окуя тууралуу тергөө иштери башталып, Егордун үй-бүлөсү мындай шалаакылыктан улам күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылаары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости