www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Медиктерге канча компенсация төлөндү?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медиктерге ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң 889 сом төлөдү. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Маалыматка караганда, ММКФ саламаттык сактоо уюмунун 3 350 кызматкерине каражат бөлгөн.

"Ноябрь айында 825 дарыгер, 1 294 орто, 456 кичи медперсонал жана 824 башка кызматкер каражат алышты", — деп айтылат маалыматта.

Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек (COVID менен күрөшкөн 1956 медкызматкер) — 18 808 140 сом;
  • Чүй облусу (411 медкызматкер) — 7 508 560 сом;
  • Ош облусу (321 медкызматкер) — 5 231 259 сом;
  • Баткен (129 медкызматкер) — 2 564 240 сом;
  • Жалал-Абад облусу (92 медкызматкер) — 2 077 960 сом;
  • Ысык-Көл облусу (310 медкызматкер) — 4 594 540 сом;
  • Нарын облусу (54 медкызматкер) — 527 640 сом;
  • Талас облусу (77 кызматкер) — 1 293 550 сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости