www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга келген 16 жарандан "омикрон" штаммы табылган. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Татьяна Голикова Мамлекеттик Думада сүйлөгөнүн РИА Новости жазды.

"Бүгүн мекенине кайтып келген 177 жарандын 16сынан "омикрон" штаммы аныкталды. Алардын баары ушу тапта көзөмөлдө", — деген Голикова.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "омикрон" штаммы "дельтага" караганда тез тарай турганын билдирди.

Мындай корутунду Түштүк Африка, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдө жаңы штаммга байкоо салып, анын негизинде алдын ала алынган маалыматтарга таянып жасалды.

ДССУ ошондой эле "омикрон" штаммынын "инфекциясына жана жайылышына каршы вакциналардын эффективдүүлүгү азайганын" жарыялады. Окумуштуулар коронавирустун коомчулук ичинде жайыла турган жердеги шартта "омикрон" "дельта" түрүнөн ашып кетет деп ишенишет. 9-декабрдагы көрсөткүчкө ылайык, 63 өлкөдө "омикрон" катталган учурлар аныкталган.

Түштүк Африкадан келген алдын ала маалыматтарга ылайык, бул өлкөдө оорунун "дельта" штаммына караганда анча оор эмес болушу мүмкүн экени байкалууда. Өлкөдөгү учурлардын көбү жеңил же симптомсуз болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости