www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 25 млн долларга «Moderna» жана «Pfizer» вакциналарын сатып алат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы коронавируска каршы вакцина сатып алуу үчүн 25 млн доллар бөлүп берет. Анын жарымы насыя түрүндө, жарымы грант катары берилет.

Бул акчага 1,7 млн доза вакцина алынат. Ал кийинки жылдын сентябрь-октябрь айында келип түшөт. Ошондой эле ушул эле каражаттын 400 миң долларына вакцинанын компоненттери жана 50 компьютер алуу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости