www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сунушталган бюджет өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзөт. Ошондой эле быйылкыга салыштырмалуу 93,9 миллиард сомго көп.
Кийинки жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 282,1 миллиард сомго жеткирүү планы коюлду. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев парламентте билдирди.
Бүгүн ЖКнын тармактык комитетинде 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Министрдин айтымында, сунушталган бюджет өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзөт. Ошондой эле быйылкыга салыштырмалуу 93,9 миллиард сомго көп.
Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн суммасы 291 миллиард сомду түзөт. Муну менен дефицит 9,1 миллиард сом деп белгиленди.
"2022-жылы салыктык кирешелерди 233 миллиардга жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул 2021-жылкыга караганда 100 миллиард сомго көп. Ал эми бажыдан алынган киреше 98,5 миллиард сом деп белгиленди. Ошол эле учурда чыгаша бөлүгү да көбөйгөн. Бюджеттин дээрлик 50 пайызга жакыны, 109,6 миллиард сом социалдык секторго жумшалат", — деди Бакетаев.
Аны менен катар министр консолидацияланган бюджет 403,9 миллиард сомду түзүп, чыгашасы 402,3 миллиард болорун кошумчалады. Ал төмөнкү булактардан чогулат:
Салыктык кирешелер — 252,5 млрд;
Салыктык эмес кирешелер — 36,3 млрд;
Гранттар — 16,4 млрд;
Милдеттүү камсыздандыруу жана социалдык фонддор — 43.3 млрд;
Бюджеттик ссудаларды кайтаруу, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, тышкы кредиттер жана эсептеги калдыктар — 55,5 млрд
Булак: NazarNews.kg