www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-декабрда социалдык түйүндөргө жарыяланган видеого ылайык, жапырт мушташтын чыгышына өзбекстандык ММА мушкери Намазан Самиев күнөөкөр экенин көрүүгө болот.

Самиев мелдештеги жеңишинен кийин көрүүчүлөргө кайрылып, каалаган адам менен мушташууга даяр экенин айткан. Ага атаандаш тез эле табылып, "көз караштар таймашында" Самиев аны тизеси менен бетке тээп жиберген. Андан соң рингге башка мушкерлер жана көрүүчүлөрдөн 50дөн ашык киши кирип келип, жапырт мушташ башталган.

Азырынча бул окуя тууралуу кошумча маалымат бериле элек.

Буга чейин "Интерфакс" агенттиги 10-декабрда Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерин сабаган дагы бир өзбекстандык ММА мушкери Бунед Тухтаевге издөө жарыяланганын билдирген. Маалыматта Тухтаев 8-декабрда укук коргоо кызматкерин сабагандан кийин кармалып, бирок 10-декабрда полиция бөлүмүнөн качып кеткени жазылган. Тухтаев мындан тышкары QR-коддор менен миграциялык документтерди мыйзамсыз саткан деп шектелип жатканы да кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости