www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Эгемендиктин 30 жылдыгына карата "активдүү коомдук ишмердүүлүгү, улуттар ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Сыйлык алгандардын арасында өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдар да бар.

Алсак, I даражадагы "Барыс" ордени менен парламент мажилисинин депутаты, экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаева, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, совет мезгилинен бери Нурсултан Назарбаевдин досу болуп келген Нуртай Абыкаев жана Назарбаевдин "үчүнчү аялы" деп айтылып жүргөн Асель Курманбаеванын атасы, Казак улуттук агрардык университетинин ректору Тлектес Есполов сыйланды. Мындан тышкары мамлекеттик сыйлык тоо кендерин иштетүү менен алектенген ENRC (Eurasian Natural Resources Corporation) компаниясынын ээси, олигарх Александр Машкевичке да берилди.

Парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев II даражадагы "Барыс" ордени менен сыйланды. IІI даражадагы "Барыс" ордени "Нур Отан" партиясынын биринчи төрага орун басары Бауыржан Байбекке, Казакстан жазуучулар биримдигинин төрагасы Улыкбек Есдаулетке, парламент мажилисинин депутаты Бекболат Тлеуханга жана Казакстардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын төрага орун басары Заутбек Турисбековго берилди.

"Казакстандын туңгуч президенти — улут лидери Нурсултан Назарбаев" ордени менен сыйлангандардын арасында Конституциялык кеңештин төрагасы Кайрат Мами менен "КазМунайГаз" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алик Айдарбаев бар. Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Эльвира Азимова экинчи даражадагы "Достук" ордени менен сыйланды.

"Казакстандын Эмгек Баатыры" наамы тоо-металлургиялык "Казцинк" компаниясынын директору Александр Хмелевге ыйгарылды. Илим жана маданияттын 28 өкүлүнө "Казакстандын эмгек сиңирген ишмери" ардак наамы берилди. III даражадагы "Эмгек даңкы" орденинин кавалери наамын "өнөр жай, транспорт, курулуш, айыл чарба жана башка тармактардагы 105 жумушчу" алды. Мындан тышкары дагы 553 киши ардак грамоталар менен сыйланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости