www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талантты карызга бербейт эч ким колго, талант бул Жараткандан алган олжо” деп даанышман ойчул Жусуп Баласагын айткандай, талантты аздектеп-барктап сактоо дагы оңойго турбасы чын. Бул каарманым Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбастан, берилген ролду ийне-жибине чейин талдап ойногонуна эли күбө. Ар бир образды кыймылы менен эле аткарып койбостон, жан дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезе билип, каармандардын бири-бирине окшошпогон кулк-мүнөзүн өтө чеберчилик менен ача билген мыкты кесипкөй.

- Өтмүшкө карай “аттиң” деген учурларыңыз болгонбу?

- Албетте. Өткөн ишке өкүнбөй койбойсуң. Кээде жашоодогу катачылыктарымды эстеп кетип өзүмдү-өзүм жемелеп калган учурлар болот. Кээде олдоксон кылган иштерди эстегенде уялып кыжаалат болосуң.

- Түн канчалык караңгы болсо дагы алыстагы жылдыздар ошончолук жарык берип туруусу анык. Кайсы залкарлар менен туз насип буюруп иштешип калдыңыз?

- Театралдык окуу жайда окуп жатканда КРнын эл артисттери, режиссёрлор Бообек Ибраев, Галина Ибраимова, актрисалар Гүлшара Дулатова, Алматыда окуп жүргөнүмдө СССРдин эл артистттери Нурмухан Жантурин, Хадиша Букеева, КРнын эл артисти Тунгышбай Жаманкуловдор менен кесиптеш болуп баарлашууга туз насип буюрду. Театрыбызда залкарларыбыз Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Ашыр Чокубаев, Жамал Сейдакматовалар менен биргеликте иштеп калганым чоң сыймык.

- Айтматов сиз үчүн..?

- Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов мен үчүн океан сыяктанат. Эгер Айтматов океан болсо, биз анын бир эле тамчысыбыз. Айтматовдун чыгармаларында роль жаратып калышым чоң бакыт. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган кинорежиссёр Бакыт Карагуловдун “Куш өмүр” аталыштагы тасмасында башкы каарман Ысмайылдын образын аткаргам. Жакында эле режиссёр Муктар Атаналиев “Эсимде” аттуу тасма тартты. Тасманын идеясы “Кино жана өспүрүм” долбоорунун негиздөөчүсү Булан Бектеналиевге таандык. Кызыгы, Айтматовдун каармандары азыркы күндө кандай болуп өзгөрдү деген ойго алып келет.

- Актёр роль тандашы мүмкүнбү?

- Бул суроого жооп берүүдөн мурун кино туурасында азыноолак айта кетсем. Кино мен үчүн кесип. Режиссёрлор бүтүндөй бир кинону жараткан сыяктуу, биз-актёрлор каарманды жаратабыз. Искусство адамдарынын ар биринин өз почерки, башкалардан айырмалап турган жүзү бар. Кино аркылуу көп жетишкендиктердин ээси болдум. Актёр роль тандашы толук мүмкүн. Бирок кайсы учурда маселе ошондо... Бизди Станиславскийдин системасы менен окутуп жатканда актёр роль тандабайт деп айтылат. Окууну бүтүп келип, театрга ишке орношкондон тарта, режиссёр кандай роль берсе ошону аткарып келдик. Режиссёр үчүн актёр пластилин сыяктуу. Кандай ийлесе да актёрду ошол каарманына окшотуп, бир мыкты спектакль коё алса, ал профессионал режиссёр болуп саналат. 38 жылдан бери сахнадамын. Жогоруда айтып кеткендей, профессионал актёр баралына жеткен учурда гана роль тандаса болот. Образ жаратуу бул татаал процесс. Ал үчүн болгону өзүңдүн дараметиңе ылайыкташтырылган образ керек. Каарманыңдын түпкүлүгү кандай, кыял-жоругун ийне-жибине чейин изилдеп, изденип чыгыш керек ар ким өз деңгээлине жараша.

- Ушундан арылсам болот эле деген мүнөзүңүз барбы?

- Бирөөнүн көңүлүн кыя албаган көңүлчөөктүгүм, ашы, бетке чабарлык мүнөзүмдөн арылсам дейм. Себеби азабын көп тартып келемин.

- Сынга кандай карайсыз?

- Эгерде профессионал сынчы мени сындаса анда сынга туура карайм. Сынчылар Салижан Жигитов, Сарман Асанбеков деген мыкты сынчыларыбыз бар эле. Азыр Кадыркул Даутов, Жаныш Кулмамбетов, Жылдыз Туйбаева жана башкалар бар. Азыр эми демократия учурунда азыркы сынчылар катуу деле айтпай калышса керек. Биз окуп жүргөнүбүздө биринчи, экинчи семестрде эле 3-4 курстарда биздин эмгекке мугалимдер тарабынан аябагандай катуу сын айтылчу. Мыйзам чегинде кабыл алчубуз да. Сын болмоюнча сен эч качан өспөйсүң. Жакшы сын менен бара-бара ийгиликти багындырасың. Сынды туура кабыл алып өсүү жолунда болуу керек азыркы жаш актёр, актрисаларыбыз.

- Кыялыңыздагы ролуңуз бардыр...

- Албетте бар. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” деген чыгармасындагы журналисттин ролун ойногум келет, бирок аны эч ким тарта элек. Кыялдагы ролдордон театрда жана тасмада 3-4 ролдорум бар азырынча.

- Сиз баалаган режиссёрлор...

- Мен баалаган режиссёрлор КРнын эл артисттери Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков, Бообек Ибраев, Абылбек Дыйканбаевдер эле. Ошолор менен иштешип калдым. Бизге жаңыдан иштейин деген учурунда кайтыш болуп кетти, раматылык Марат Козукеев аты аталып кеткен залкарлардын ордун басчу режиссёрлордон эле.

- Максаттарга токтолсок...

- Алдыга койгон максаттар абдан көп. Убагы келгенде айталы.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости