www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагында коронавирустун жайылышын чектөө максатында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бир катар сунуштарды айтты. Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, кандай чектөөлөр боло турганын жергиликтүү бийлик чечиши керек.
«Кайра карантин болсо, биздин экономика көтөрө албайт. Ошондуктан мурунку жылдагыдай чектөөлөр болбойт. Эгерде адамдар аз байланышта болуп, бет кап тагынса гана жыйынтыкка жете алабыз.
Түнкү клубдарды жаап, кафе-ресторандарда кардарлардын санын азайтууну сунуштадык. Ошондой эле коомдук транспорттордо жарандар бет кап тагынып, аралык сакталышы керек», - деди министр.
Булак: NazarNews.kg