www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июнда Жогорку Кеңеште кайсы мыйзам долбоорлору каралат?

16-июнда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)(демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Мусабекова Ж.А., Турдумамбетов О.Ж., Айдаров Н.А., Молдобекова Г.С., Урумкалиева Ч.Ч., Тиллаев Т.Г.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган) (уландысы);

2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

3. «Баткен облусуна статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 02.06.21деги чыг.№ 25-1192) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет караган);

4. «Лотереялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – «Ата Мекен» парламенттик фракциясы);

6. «Эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларын каттоо (эл аралык сертификациялоо) жана эсепке алуу тутумун киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Исаев К.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган);

7. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

10. «Кыргыз Республикасынын жараны, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган);

11. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету (Бюджет жана финансы боюнча комитет караган).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости