www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө (Экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери боюнча, Кыргыз Республикасынын "Чалдыбар-Унаажолун" (кыргыз-казак чек арасынын) өткөрүү пунктунда Армения Республикасынын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазия Республикасынан контрабандалык автоунааларды ташып келүүнүн белгиленген схемасы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-июнунда "Чалдыбар-Унаажолу" өткөрүү пунктунан "Вольво" жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны  ташып келе жаткан Кыргыз Республикасынын жараны "И.Т.К." кармалды.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:

- Абхазия Республикасынын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;

- Абхазия Республикасынын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;

-Армения Республикасынын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;

- Армения Республикасынын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;

- Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номерини.

Андан кийин, 8 автоунаасы менен "Вольво" маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазия Республикасынан бажы жол-жобосуз алынып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

Урматтуу жарандар! ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болуңуздар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости