www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү майдын баасы боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнөдө канчанчы орунда турат? Күйүүчү майды Орусия эмес, башка өлкөдөн алып келсе бизге кандай пайда?

Учурда өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе төмөн. Эл аралык GlobalPetrolPrices.com рейтингинин маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 31-майына карата дүйнөдө бензиндин литринин орточо баасы 1,18 доллар болсо, Кыргыз өлкөсүндө 0,628 доллар. Дүйнөнүн 169 өлкөсүндөгү орточо бааларды талдоочу бул рейтингге ылайык, Кыргызстан төмөнкүдөй жайгашкан:

- Суюлтулган мунай газынын наркы боюнча 4-орунда;

- Дизелдик отундун баасы боюнча 22-орунда;

- Бензиндин баасы боюнча 25-орунда (169 мамлекеттин ичинен).

GlobalPetrolPrices.com рейтингине ылайык, Кыргыз өлкөсү арзан күйүүчү май боюнча импортко көз каранды өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунду ээлегенин белгилей кетүү маанилүү. Бул 95 пайыз күйүүчү майды импорттогон Кыргыз өлкөсү үчүн чоң жетишкендик. Ошол эле учурда өлкөбүз күйүүчү майды жылына башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз көлөмдө колдонот. Нефть саткан компаниялар көбүнчө күйүүчү майды көп көлөмдө алган өлкөлөргө арзан берет.

Алдыңкы жыйырмага кирген башка өлкөлөр - мунай өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар. Мисалы, Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр.

Кыргыз өлкөсүндө мунай заттарын жеткирүүнү диверсификациялоо:

Кыргыз өлкөсүндөгү мунай сатуучу компаниялар өлкөгө мунайзат продуктуларын альтернативдик камсыздоочуларды издеп келишет. Бирок Орусиядан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү экспорттук пошлиналарды төлөбөстөн жүргүзүлөт. Башкача айтканда, дүйнөлүк баалардын деңгээлинен арзандатуу менен жүзөгө ашырыларын эске алуу керек.

Эч бир өлкө бизге мындай жеңилдиктерди бербейт. Башка потенциалдуу жеткирүүчүлөр (Түркмөнстан, Иран, Азербайжан) мунай заттарын дүйнөлүк биржалык баада сатышат. Казакстан экспорттук пошлинаны төлөп сатат. Бул жагынан алганда, алардын сунуштары экономикалык жактан пайдалуу эмес жана Орусияга салыштырмалуу атаандаштыкка туруштук бере албайт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз өлкөсүнө Казакстандын ички баасындай сатуу боюнча күтүүлөр туура эмес деп эсептейт. Казакстанда мунай зат продуктыларынын ички баалары пайдалуу эмес жана өз калкы үчүн багытталган - мунайды кайра иштетүүдөн келип чыккан жоготуулар Казакстандын мунайды сатуудан түшкөн кирешесинен каржыланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости