www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде Марипов COVID-19 менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары өз ишин күчөтүшү керектигин белгилеген.

«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу  боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин  жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», — деди ал.

Ал коронавируска каршы вакциналарды алып келүү, эмдөө иштерин тездетүү зарыл экенин айткан.

https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2021/06/60c7264e9461c.jpg«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууга тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», — деди ал.

https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2021/06/60c726533b478.jpg https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2021/06/60c726535c906.jpg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости