www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында жума күндөн тарта коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн бир нече жаңы чектөөлөр күчүнө кирди.
Маалыматка ылайык, Москва шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу тыгындарды азайтуу үчүн 9-октябрдан баштап мектеп окуучуларына, 65 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар адамдарга коомдук транспортто жүрүү үчүн жеңилдетүү менен берилген билетти убактылуу жарактан чыгарат.
Буга чейин мектептердеги окуучулар эки жумалык эс алууга таратылган. Ал эми ишканаларда иштеген кызматкерлердин жок дегенде 30 пайызы үйдөн иштөөгө мажбур болот.
Белгилей кетсек, бейшемби күнү Россияда 3 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталган.
Булак: NazarNews.kg