www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда күн өткөн сайын COVID-19 илдетинин белгилери бар байтаптарды ооруканаларга жайгаштыруу оорлоп баратат. Орундардын жетишсиздигинен улам медициналык жайлар абалы оор бейтаптарды гана кабыл алууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарыялай турган 5 миң 284 орундуу 30 гана оорукана бар. Ушу тапта Душанбеде вирус жуктурган бейтаптар үчүн 3 миң орундуу убактылуу оорукананын курулушу башталганы кабарланууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода өлкөдөгү ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр экенин, бирок аларда «коронавирустун ачык белгилери» болушу керектигин билдирди.

«Коркконунан улам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуш үчүн ооруканага кайрылып жаткандар бар. Эгер адамдын дене табы 36,7 болуп турса, ал жаткырылбайт. Температураны 2-3 күн көзөмөлдөө керек. Эгер 38ден жогору эмес, жөтөл же дем кыстыгуу жок болсо, аны жаткырууга зарылчылык жок», — деди Камолзода.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 800 кишиден ашты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости