www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майк Райан, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19), кудум эле ВИЧ (Иммун жетишсиздигинин Синдрому) сыяктуу денеден чыкпай кала турганы боюнча эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Райан, ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебреесустун уюмдун Женева шаарындагы борборунда видео конференция форматында өткөргөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

Көп сандаган өлкөдө нормалдуу жашоого кайтыш үчүн «чара көрүүлөрдүн жеңилдетилишине» карай кадамдар ташталганын белгилеген Райан, муну менен бирге пандемиянын тизгинделиши үчүн «абдан узун жол» бар экенин баса белгиледи.

Райан: «Бардыгыбыз, жаңы пандемия толкундары белгиленбестен чектөөлөрдүн жеңилдетилген учурунда элдин саламаттыгы жана катаал экономикалык кыйроолордун келип чыгуусунан санааркап жатабыз»,-деп айтты.

Covid-19га карай вакцина иштери туурасындагы суроо боюнча Райан: «Муну кароонун маанилүү экенин ойлоодомун. Бул вирус коомчулуктарыбызда сейрек түрдө калышы мүмкүн. Бул вирус толук жок болбошу мүмкүн»,-деп эскертти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости