www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 тесттери эки эсе кымбаттады

Өзбекстанда пандемия маалында жеке дарыканалар антивирустук препараттардын баасын кымбаттатып жиберишкен. Жеке клиникалар тест жүргүзүү кызматын дээрлик эки эсеге – 250дөн 400 миң сумга (24-38 доллар) көтөрүшкөн.

Быйыл май-июнь айларында Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору сурамжылоо жүргүзүп, ага 3 миң 670 киши катышкан. Респонденттер пандемия учурунда вируска каршы дары-дармектер өтө кымбаттап кеткенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 74% кирешелери кыскарганына, 58% жумушсуз калганына даттанышкан.

Мындан тышкары пандемия маалында респонденттер башка да көйгөйлөргө туш болушканын белгилешкен.

Алардын арасында:

1. Күнүмдүк кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөр (36%)

2. Мектепке чейинки билим алуу (32%);

3. Орто билим алуу (31%);

4. Азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттоосу (23%);

5. Коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздар (15%);

6. Стресс жана тынчсыздануу (9%);

7. Жакынкы дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы (6%) түзгөн

Сурамжылоого катышкандардын 25% жашоо шарты төмөндөгөнүнө даттанышкан. Ага карабай, респонденттердин 75% абал жакшы жагына өзөрүлөрүнө ишене турганын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости