www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элдик парламенттин” түбүн үзө баштаганда Нурлан Мотуев кошо чабылган. Ал “Элдик парламенттин” активдүү мүчөлөрүнөн деле эмес, бирок Атамбаевге каршы эл козголгондо өрттөнүп күйүп кетип, колдоп чыккан. “Элдик парламент” уюштурган жыйынга өз демилгеси менен барып, бөрүнүн оозуна салынган аң болуп, жалаа жабылып камакка кесилип кеткен.

Бир икая бар, илгери бийлик башына келген падыша ажыдарга айланып кетчү экен. Аны жоготуш үчүн эр жигит чыгып элди чогултуп ажыдардын башын алат экен. Ал мамлекетти башкарып калат, бирок убакыт өтүп ал деле ажыдарга айланып кетиптир. Нурлан Мотуев бийликке келсе ажыдар деген коррупцияга каршы чыгып, керек болсо Кылмыш жана жаза кодексиндеги адамды атып салуу тууралуу мораторийге каршы чыгып коррупционерлерди чымынды кыргандай бирден атып терип салат болуш керек. Бир жарым миллиард эли бар Кытайда коррупционерлердин чекесине мылтык такап атып салышат. Болбосо Кытайда коррупционерлер миллиондоп биттеп кетмек. Бул коррупционерлердин түбүнө Сталин жеткен, Эми Мотуев коррупционерлерди кырып салабы деп көпчүлүк ойлоп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости