www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү стационарларда 605 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын ичинен:
- 396 адам орто оор абалда,
- 169 адам оор абалда,
- 40 адам өтө оор абалда.
Андан тышкары 718 адам өз үйүндө дарыланууда.
3-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2676кө жетти. Акыркы бир суткада 74 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Ооруну жуктургандардын көбү Чүй менен Бишкек шаарында. Ош шаарында жаңы учур катталган эмес.
Нарын облусу - 1
Бир сутка ичинде 97 адам оорудан айыгып чыкты. Ушул тапта 605 бейтап ооруканада, 803ү үйдө дарыланууда. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миң 425 кишиге жетти.
Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.
Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg