www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл көп колдонулууда. Электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 2021-жылдын октябрь айында 1 миллиард 396 миллион 957 миң киловатт саатты түздү. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2020-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 миллиард 286 миллион 78 миң киловатт саат болчу. Башкача айтканда, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл электр энергиясы көбүрөөк пайдаланылган.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурду эске алып калк жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости