www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус оорусунун күчөшүнө байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Мындай чечим Жалал-Абад шаардык ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот. Ошондой эле той-аш, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынды.
Мындан сырткары, менчигинин түрүнө карабастан шаардагы базарлар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
Ошондой эле бардык мекеме-ишканалар, коомдук транспорттор, супермаркеттер, тамактануучу жайлар беткап жана антисептик колдонуу менен келген жарандардан да талап кылууга милдеттендирилди.
Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айыппул салынат.
Булак: NazarNews.kg