www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Зеландияда коронавирус жуктургандар жети кишиге жетти. Буга чейин бир нече ай өлкөдө СOVID-19 вирусун жуктургандар аныкталган эмес. 17-августта вирус бир адамга жуккан соң бийлик өлкө аймагында үч күн, ал эми Окленд жана Коромандел аймактарында жети күндүк карантин киргизген. Премьер-министр Жасинда Ардер өлкөдө вирус жуктургандар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.
Анткени коронавирус аныкталган адамдар буга чейин чиркөө, мектеп сыяктуу коомдук жайларга барышкан. Премьер-министр коронавирусту жайылтпоонун буга чейинки стратегиясын кайрадан колдонорун айтты.
“Албетте, вирустун "дельта" варианты коркунучтуу. Бирок буга чейин иштеген эрежелерди так сактасак кайрадан пайдалуу болот”, - деди ал.
Акыркы күндөрү Түштүк-Чыгыш Азиядагы бир нече өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. АКШда да эпидемологиялык кырдаал мурдагыга салыштырмалуу начарлады. Муну да мектептерде окуу башталганына байланыштырып жатышат. Бул өлкөдө жашы жеткендердин жарымынан көбү вируска каршы вакцина алганына карабай соңку жети күндө орто эсеп менен 142 миң адамга вирус жукканы аныкталды.
Булак: NazarNews.kg