www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан тажик качкындарын кабыл алып көргөн, бирок кайра өзүбүзгө кол салды”, - дейт белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов Оогастандагы айтты.
--“Биринчиден, Тажикстан – Кыргызстанга кол салган агрессор мамлекет. Ал ушундай кырдаалда канчалык экономикалык блокадада болсо бизге ошончолук жакшы. Экинчиден тажик согушунун убагында Кыргызстан тажик качкындарын кабыл алып көргөн. Акыбетин көрдүк, кайра өзүбүзгө кол салды.
Расмий Дүйшөмбү канчалык кыйчалыш кырдаалда калып, мурдуна суу жетсе чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз тарап ошончолук пайда көрөт.
Бул маселе Коопсуздук кеңешинде талданып, бирдиктүү чечим кабыл алынышы зарыл жана бардык күч түзүмдөрү тарабынан кынтыксыз аткарылууга тийиш. Буга чейин Тажикстанга каршы аракеттер боюнча сунуштар азыр да күчүндө турат”, - дейт Жыргалбек Касаболотов.
Булак: NazarNews.kg