www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди.
Ал эми Коронавируска чалдыккан адамдардар үчүн 2020-жылдын 1-мартына карата КР Саламаттык сактоо уюмдарында 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул аппараттар балдар жана улуулар үчүн деп бөлүнбөйт.
КР Саламаттык сактоо министрлиги башка өлкөлөрдөн (РФ, КЭР ж.б.) кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын маалымдашты.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталган. Алар:
⚡ Жалал-Абад ш. – 1
⚡ Сузак району – 1
⚡ Кара-көл ш. – 1
⚡ Чүй облусу – 1
“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.
2020-жылдын 1-апрелине карата республика боюнча 111 илдет тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.
Булак: NazarNews.kg