www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испан армиясынын коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө багытталган өзгөчө кырдаал  тобунун аскер кызматкерлери карыялар үйүнөн көптөгөн кары-картаңдардын сөөктөрүн табышууда. Өлкөнүн бардык провинцияларындагы карыялар үйүнө дезинфекциялоо үчүн келишкен аскер кызматкерлери карыяларды такыр эле каралбай калган абалда, алтургай каза болуп калган учурларда тапкан фактылар көп катталууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Мекеменин кары-картаңдар үчүн кам көрө турган кызматкерлери аларды таштап, качып кетишкен учурлар көп кездешип жатат.

Айрым учурларда каза болгон адамдын сөөгүн жаткан жеринде калтырышып, өлүкканага алып барбай да жатышат. Буга алардын COVID-19дан каза болуп калышы ыктымалдуулугунан, дарт башкаларга жугушунан корккондугу себеп болууда.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес болгон окуяларга таң калып жатканын билдирүү менен бирге мындай кырдаалда аскерлер “максималдуу түрдө катуу жана катаал” иштей тургандыгын жарыялады. Испаниянын башкы прокуратура кызматы аталган карыялардын окуясы боюнча кылмыш иши козгогонун билдирди.

Испаниянын 19 пайыз калкын 65 жаштан улгайгандар түзөт. Өлкөдө аз дегенде 11-апрелге чейин улуттук өзгөчө карантин режими киргизилген. Испаниянын алыскы Андалусия автономиясынын Каталонияга чейинки бардык аймагында, провинцияларында илдет тарап, өлгөндөрдүн саны Италиядан ашып өттү. Аны менен бирге Италияда бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппарат жетпегендей Испанияда да  бул аппараттын тартыштыгы күч алды. Натыйжада дарыгерлер аппараттарды жашап калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон жаштарга берип, картаңдарга берүүдөн баш тартышууда.

COVID-19дун Испаниядагы курмандыктары Кытайдагы өлүм көрсөткүчүнөн ашып өтүп, эпидемиянын башталышында эле 3434 киши каза болгон. Илдетти жуктургандардын саны бир суткада дээрлик 8 миң кишиге жетип, бир күндө 700 киши курман болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости