www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 жуктургандардын көпчүлүгү Ош облусунан катталды

Бүгүн, 2-октябрга карата Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 34, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 46, Баткен облусунан – 75, Нарын облусунан – 1 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 47 635ке жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 103 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 43 521ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 6 адам; Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан – 23, Ош облусунан – 36, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 2, Баткен облусунан – 13.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1066 адам илдеттен улам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости