www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дан кийинки антителонун эң жогорку концентрациясы улгайган адамдарда аныкталды.

Бул тууралуу «Хеликс» лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисов Киров атындагы аскердик-медициналык академия менен биргелешкен ишинин жыйынтыгы боюнча билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

“Жаш курак - антитело концентрациясына таасир этүүчү маанилүү фактор болуп саналат. Антителолордун эң жогорку концентрациясы улгайган бейтаптардан табылган”, - деп билдирди Денисов.

Анын айтымына караганда, COVID-19дун жеңил формасы менен ооруган эркектерде антителолордун концентрациясы ооруудан 60 күн өткөн соң төмөндөп баштайт. Ал эми коронавирустун жеңил түрү менен ооруган аялдарда антителолордун деңгээлинде оң тенденция байкалат.

Изилдөөнүн жыйынтыгында антителолор бардык пациенттерде иштелип чыгарын, деңгээли байкоонун 45-күнүндө эң жогорку көрсөткүчкө чейин көтөрүлөрү аныкталган. Антителолор инфекциядан кийин кеминде 180 күн сакталат.

Ошондой эле, COVID-19дун орточо жана оор түрү менен ооруган бейтаптардагы антителонун концентрациясынын денгээлинде гендердик көз карандылык болгон. Ошол эле учурда улгайган адамдарда жаш пациенттерге караганда иммуноглобулиндердин деңгээли жогору болгону баса белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости