www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир өмүрдөн кымбат беш сом
Аязга айланган аалам.
…"Кышкы аязда бир бала тоңуп өлүптүр аялдамада". Бул суук кабар эртеси эле угулду. Тоңуп калган бала тогуз эле жашта болчу. Бала аялдамада турган адамдардын улам суюлуп отуруп, 2-3 эле киши калганын байкады. Мына, дагы бир маршрутка келип токтоп, дагы экөөсү түшүп кетти. Эми бою сөөлжандай узун орус экөө эле калды. Анысы да арак сасып, жанына киши туралгыс. Бурулуп караса эле оозунан арактын ачуу жыты "бурр" эте түшүп атты. Анда-санда ыткытып да коёт. Деги ким болсо да тирүү жан да, баланын эш тутканы эми ушул эле болуп калды.
- Биз экөөбүз эле калдыкпы? - деди ал адам орусча.
- Ооба, - деп башын ийкеди бала.
- Эмне, сенин да жолкирең жокпу?
- Жок…
Башын күнөөлүү адамдай жерге салды бала.
- А сага апаң жолкире берген жок беле? - деп артына асынган сомкесин тиктеди тиги киши.
- Берген.
- А сен аны жок кылып койдуңбу? Мына мен жок кылсам бир жөн. Ичип салам акча болсо эле. А сен эмнеге жок кылдың десең?
Тиги бейтааныш орус киши өзүнчө кейип алды. Тээ алыстан эле фарасын жаркыратып күйгүзгөн дагы бир маршрутка көрүндү.
"Кудайым ай, эми ушул мени алып кетсе экен, Кудайым ай" - деп ичинен жалынып жиберди бала. Тиги орус киши экөө бирдей чуркап колдорун булгалап көтөрүштү. Маршруттук машине улам жаңы жаап жаткан карга сүрдүгүп барып токтоду.
- Тууган, мени мобу Пригородныйдын башына чейин эле ала кет! - деди тиги киши айдоочуга.
- Ой, ушу силердики өттү, албайм, түш жерге! - деп чындап ачууланган айдоочу тиги адамды түрттү.
- Жок, мен түшөм эле, эмне, мени тоңуп өлсүн деп турасыңбы?! - деп болбой эле машиненин ичине жүткүнүп түшүп баратып, токтой калып артына - балага карады.
- Бул бала да түшсүнчү. Анын да акчасы жок экен, - деп жалооруй айдоочуну карады.
- Эй, силер мени ким деп турасыңар? Мен ар кимге эле боорум ачып бекер ташый берсем балдарымды кантип багам эй! Ата-энеси акча берип койсун анда баласына…
- Ой, бериптир! Бала да, жок кылып коюптур…- деп тиги орус киши баланын таламын талаша айдоочу менен айтыша кетти.
Машиненин ичинен, арт жактан чыңкылдаган аялдын үнү чыкты:
- Ай, айдоочу, болбойсуңбу, түн кирип баратат, бүгүн үйгө жетебизби?!
- Айда! Айда! - деп жаалап кетишти жүргүнчүлөрдүн баары. Алар көкмуштум болуп тоңуп, көздөрү жалдырап: "ала кеткилечи мени" - деп ичинен миң жалынып алаңдап турган баланын сөлөкөтүн гана көрүштү. Ал бала жөнүндө бирөөсү да ойлоп коюшкан жок. Мотор "дүрр-дүрр" этип барып маршрутка жолго түштү.
- Үү-үф! Үү-үф!
Бала тоңгон колдорун оозуна алып барып үйлөп-үйлөп алды. Секирип-секирип да койду. Ошентсе кичине жылыймынбы деп ойлоду. Ага деле болгон жок. Тиштери тиштерине тийбей шакылдай баштады. Аялдамада жападан жалгыз калганына жүрөгү сестене түштү. Эми эмне кылат? Жөө жөнөсөбү? Үйүнө жеталбайт баары бир. Андан көрө дагы маршрутка келээр, күткөнү жакшы го. Маршрутка айдаган байкеден жакшылап суранат. Эртең сөзсүз апасынан 5 сом алып берем деп айтат. Кап, жана эле классташтарынан уялбай акча сураса болмок. Алар бермек, өзү унчукпай кетип калбадыбы…
Көз алдына үйү элестеди. Үй ичи жылуу, меш жагылган да. Апасы улам челектеп көмүр көтөрүп келип жагат. Кичинекей бөбөктөрү көйнөкчөн болуп томпоңдоп ойноп жатышса керек. Эшиктен кирип эле ысык чай ичкиси келди. Апасы тамак жасап койгон болуш керек. Ыпысык. Азыр барып ысык шорпону үйлөбөй эле ичип жиберсе, бирпастын ортосунда ысып чыга келет да.
Алыстан дагы бир жарык көрүндү. Томполоңдоп чуркап жолго чыкты. Бар күчү менен "Токтоңузчу байке! Мени үйгө ала кетиңизчи!" - деп кыйкырды бала. Бирок, аны карап койгон киши болгон жок. Карды сапырып, баланын бети-башына үйлөгөн бойдон өтүп кетти. Артынан чуркады. Кыйкырды:
- Т-Токто! Токто! Суранамын. - Мен… "тоңуп өлгүм келбейт" деген сөздү ичинен өзүнө-өзү айтты.
Бул сөздү жаңы эле алиги жанында турган орус кишиден үйрөнгөн. Бирок, ал адамдай болуп башкаларга дооматын артууга али жетиге элек болчу. Бала болчу. Ошон үчүн бар чындыгын көкүрөгүндө миң ирет кайталаганы менен сыртына чыгарып айта албады.
Ушул эң акыркы аракети болду көрүнөт. Буттары колдоюп кудум жыгачка окшоп баратты. Дене бою муздаганын сезди. "Отурайынчы" деп чарчанып барып аялдамадагы темир секичеге көчүк басты. Аязда тоңуп турган темирдин муздактыгы кошулду. Темир кайсы, өзү кайсы экендигин сезбеген абалга өттү. Негедир ушул мүнөттөрдө бул жашоого сугу арта түштү. Апасы, бөбөктөрү, ысык үй - кандай гана жакшы нерселер эле. Атасы деле жакшы турбайбы. Эмнеге аны жаман көрдү экен! Болгону, кичине ичет. Жумуш да табылбай койбодубу. Эмесе, атасы кандай уста экенин эл деле билет го. Бөбөктөрүчү, ии-й кичинекейлерим ай!
Бала эзилип алды өзүнчө. Бөбөктөрүнүн жытын сагынды. Башкача жыт келди мурдуна. Жок, кичинекейлеринин жыты мындай эмес болучу. Таптакыр башкача жыт. Муздак. Суук. Ыйлагысы келгендей, күлкүсү келгендей. Кулак-башы тунжурап баратты. Айланасы аппак көрүндү. Анан өзү, бул аалам, асман, жер, аяз - баары биригип билинбей калды.
Эртеси эртең менен үйүнөн кайра жумушка кетип бараткан алиги орус киши жарым-жартылай муз баскан маршрутканын терезесинен кечээ күнкү аялдаманы, отургучту карады. Бир нерсе карайып, томпоюп турабы?.. Көргөн көзүнө ишенген жок.
- Токто! - деп кыйкырды айдоочуга.
- Эртерээк айтпайсыңбы? Айдоочу бурк этти.
- Акча деп өлүп кетесиңер?! Силерге, баарыңарга акча болсо болду. Кечээ алып кетсеңер, 5 сомдон эч нерсе болбойт элеңер го!
Өзүнчө сөгүнүп-сагынып, жык-жыйма турган жүргүнчүлөрдү түртүп өтүп, жерге түшүүгө шашылып жаткан тиги адамды "мээси жайында эмес го мунун" деп коюшту тургандар. Маршруткадан атып түшүп аялдамага чуркады. Артына асынган сомкеси ошол бойдон. Бала бүрүшүп, отургучтун чекесинде, артын аялдаманын муздак дубалына жөлөгөн бойдон тоңуп калыптыр.
- Иттики десе!
Алиги киши кимдир бирөөнү сөгүп алды. Кимди сөккөнүн өзү деле билген жок. Эгер кечинде акыркы 5 сомуна жүз грамм ичип албаганда бул балага төлөп койбойт беле. Бул бала эптеп үйүнө жетип алат эле го. Тоңбойт эле го!
Алиги адамдын көз алдында аалам аңтарылып кеткендей болду. Ушу жашоосу курусун. Ушу жаманчылыкты көргөн көзү курусун! Көзүн чылк жуумп алды.
…Бир пастын ортосунда эле аялдамага боорукер адамдар толуп кетти. Аттиң! - деп баары баштарын чайкашып жатат. Акчасы жок, маршруткага түшө албай аязга тоңуп калыптыр. Кап, ошондо мен ушул жерде болсом, бул балага жолкире төлөп коёт элем дешти ар кимиси. Ана, маршрутка айдаган байкелери токтошту, милиционер байкелери келди. Ана, апасы келди чыркырап, атасы келди буркурап… Баары өкүнүп жатышты бармактарын кырча тиштеп. 5 сом деген эмне?! - дешип атты жерге түкүрүнүшүп. Бардыгынын тегиз жүрөктөрү ооруп турду.
Бирок, эми баары кеч эле. Ушул жерде тургандар кечээ күнкү эле бала жалооруй карап жалдыраган адамдар болчу. "Өз балдарым оозун ачып отурса" деп бул балага эч кимиси көз кырын да салган эмес. Эми карасаң, алардын баары боорукер тура. Баары эле жакшы адамдар экен.
Бир гана кишинин жан дүйнөсү кечээ күнкү кышкы кечтин ызгаарына мына азыр тоңуп чыкты. Дүйнө мупмуздак сезилип, ай аалам аязга айланып бараткандай сезилди ага. Кап! Табигаттын ызгаарынан да мобу адамдардын жан дүйнөсүндөгү муздактык өтүп баратат да. Муздагын карачы… Кап! А мобу азыр турган адамдардын боорукердигин карачы. Муздагын карачы, Боорукердигин карачы…
Ыйман желеси
Адилет Сагынбек Уулу
Булак: NazarNews.kg