www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери баңгизаттарын колдонууга байланыштуу ооруларды дарылоо боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-14-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Баңги каражаттарды колдонууга байланыштуу ооруларды дарылоо боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын (БУУ БКБ) эл аралык стандарттары боюнча региондук семинары» темасындагы семинарга катышты.

Ошондой эле семинарга Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын делегаттары, ошондой эле ДССУнун эл аралык тренерлери жана БУУнун БККБнын Борбордук Азиядагы долбоорунун координаторлору катышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борбору тарабынан даярдалган "Кыргыз Республикасындагы наркологиялык жардам көрсөтүү тутуму" бетачары сунушталды.

Семинардын негизги максаты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы (БУУ БКБ) иштеп чыгарган баңги каражаттарды колдонууга байланышкан бузууларды дарылоонун эл аралык стандартын киргизүү жана тааныштыруу.

Семинардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости