www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ДССУнун маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде дүйнө жүзүндө 372 миңден ашуун жаңы учур катталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 187 миллиондон ашуун. Алардын 4 миллиондон ашыгы көз жумган.
Акыркы суткада дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жаңы 372 970 учуру аныкталды. 7469 бейтап каза болгон.
Джон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, бул илдетке дүйнө жүзү боюнча 187 757 000ден ашуун адам жуккан, алардын 4 048 000ден ашыгы көз жумган.
Ырасталган учурлар боюнча:
Биринчи орунда АКШ турат, анда ДСУнун маалыматы боюнча 33,518 миллиондон ашуун адам коронавирус инфекциясы менен ооруган;
экинчи орунда Индия (30,907 миллиондон ашык);
үчүнчү орун Бразилия (19.089 миллиондон ашык);
төртүнчү орунда Россия (5,833 миллиондон ашык);
бешинчи орунда Франция (5,700 миллиондон ашык) турат.
ДССУнун маалыматы боюнча, АКШда бир күндө 4 миң, Индияда 32 906, Бразилияда 20 937, Россияда 24 702 жана Францияда 1120 жаңы учур катталган.
Джон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 3,495 миллиард дозадан ашык коронавирус вакцинасы колдонулган.
Булак: NazarNews.kg