www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев Кыргызстанды «бандиттик» өлкө деп атады

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге Кыргызстандан учуп кетүүгө уруксат берилбей калганын айтып нааразы пикирин өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирген эле.

Депутат белгисиз себептерден улам чек арага «желектер» коюлганын айткан.

«Мен командировкага учушум керек болчу, тилекке каршы, алар чек арага желектерди коюшту. Бийлик эмне үчүн мындай кылып жатат, билбейм. Бизде кандайдыр бир бандиттик мамлекеттей», – деди ал.

Бирок, көп өтпөй эл өкүлү кайрадан билдирүү калтырып, учуугу уруксат берилгенин айтты.

«Айрым түшүнбөстүктөрдөн кийин учуп кетүүгө уруксат беришти. Бирок мен эмне үчүн мындай болгонун иликтейм. Мен эч кандай кылмыш жасаган жокмун, бирок алар мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышты», – деп балдирген Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости