www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Уурдалып кеткен киши жаткан түрмөсүнөн өзү кантип уурдалганы жөнүндө ачык айтып чыкты" дейт жарандык активист Руслан Акматбек. 

Ал "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын камалашы боюнча оюн жазган. 

--"Өлкөбүздөн 5000 км узактыкта, бир жарым ай мурда уурдалып кеткен киши жаткан түрмөсүнөн өзү кантип уурдалганы жөнүндө ачык айтып чыкты. Дүйнө талкуулап, Түркиянын прессасы күндө маалымат берип, коомчулук аң-таң, билинип деле калды иштин чоо-жайы...

Биздин Ички иштер министрлиги унчукпайт. Бул кандай кудай урган бүтпөгөн иш?! Эй таш деле агынан жарылып сүйлөп жибермек эбак", - дейт активист. 

Кошумчалай кетсек, "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы "куралдуу террордук уюмду башкарган" деген айып менен камакка алганы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости