www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды суракка алынып жатат. Анын жүрүшүндө Орхан Инанды 15 жылдай кыргыз аял менен мамиле түзгөнү жана анын ал аялдан 2 баласы бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Инандынын бул мамилени уюмдан жашырганы жана диний никесин уюмдун тыш имам тарабынан жасаганы аныкталды.
Ошондой эле, Инанды сыяктуу кыргыз кыздары менен никелешип жашаган ФЕТО уюмунун улук башкаруучулары арасында Абдуллах Аймаз, Мустафа Өзжан, Харун Токак дагы бар экени белгилүү болду.
Эске сала кетсек, «Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. Таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган.
Орхан Инандыны Түркияга алып кетишкенин түрк маалымат каражаттары 5-июлда президент Рейжеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен жазып чыгышты. «TRT Haber» каналынын маалыматына ылайык, Эрдоган бул тууралуу Министрлер кабинетинин отурумунан кийин айтты.
Анын айтымында, «ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган адамдардын бири» кармалып, Түркияга жеткирилген. Операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөн.
«Биздин өлкөгө ФЕТОнун Борбор Азиядагы башкы директору Орхан Инанды алынып келди», - деген Эрдоган.
Булак: NazarNews.kg