www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыдагы апаат: Сел агызган 3 жашар бөбөктүн сөөгү табылды

Аксы районунун Жолборсту айылында сел агызган 3 жашар бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"3 жашар бөбөктүн сөөгү 14-июль күнү 10:30дар чамасында табылды. Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу, Аксы райондук РИИБинин 7 кызматкери жана 30дай жергиликтүү тургун тартылган", — деп жазылат билдирмеде.

Азыркы тапта Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы кошумчаланды. Ал сел жүргөн учурда суу жээгинде ойноп отурган.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин айтып, анын ичинен алтоонун сөөгү табылганын билдирген. Кийинчерээк алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени белгилүү болуп, төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости